super.kg logo

Майлуу-Сууда изделип жаткан 15 жаштагы окуучу курбуларынын үйүнөн табылды

 

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Диляра Абдурасулова табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 13-апрель күнү курбуларынын үйүнөн табылган.

"Изделип жаткан кыз ата-энесинин колуна өткөрүлүп берилди. Болжолдуу маалыматтар боюнча апасына таарынып, ушундай кадамга барган", - дейт облустук милициядан.

Диляра Абдурасулова 5-апрель күнү мектепке кеткен боюнча үйүнө кайрылып келбегендиктен изделип жаткан. Ал ошол күнү мектепке да барган эмес. Апасынын айтымында, ал акыркы күндөрү спорт менен машыгып үйүнө кеч келе баштаган. Мындан улам кыздын апасы аны машыгууга жибербей турганын айткан. Акыркы жолу эне-баланын ортосунда ушул боюнча сүйлөшүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.04.2019. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмитен үйүнөн качып коркутат жашабагыр! Ата-энеси кандай мээнет кылып бакканы м-н, уйкудан калып, санаа тартып издегени м-н иши жок.
15.04.2019. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эми эле ушинтсе,студентка болуп калса эмне болот десен. акыл берсин.
15.04.2019. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Апана тарынган кезде,сен учун туну бою уктабай откоргон кундорун эсте. Эгер эстей албасан туну мн уктабай тан атырчы анан сезесин!!!
Syimyk.isaev түзөттү 2019-04-15 18:36:16
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: