super.kg logo

Бишкекте январь айынан бери изделип жаткан 17 жаштагы Искендер Имамали уулу табылды. Ал Таласта мал багып жүргөн

 

Бишкекте январь айынан бери изделип жаткан 17 жаштагы Искендер Имамали уулу табылды. Бул тууралуу анын апасы Махабат Сулайманова SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, уулу 13-апрель күнү саат 12:00 чамасында үйүнө келген.

"Уулум Таласта мал багып иштеп жүрүптүр. Мен аны Бишкекке алып келген адамды көрө алган жокмун. Кандай адамдын колунда иштеди көрөйүн деп жетишпей калдым. Уулум азыр жанымда. Ден соолугу жакшы эле экен", - деди Сулайманова.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

17 жаштагы Искендер Имамали уулу ушул жылдын январь айында үйүнөн жумуш издөө максатында чыгып кеткен. Апасынын айтымында, ал 9-классты аяктаган соң окуган эмес. Январь айында жумуш издеп, Талас облусуна же Сокулук районуна мал бакканга кетиши мүмкүн экенин досторуна айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.04.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эркек балдарды Таластан, кыздарды Оштон издей турган болуп калган окшойт.
15.04.2019. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акысын берди болду экенби??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: