Шашылыш билдирүү! Өлкөдө 19-20-апрель күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп, нөшөрлөп жаан жаайт
19-20-апрель күндөрү республиканын көпчүлүк аймактарында нөшөрлөп жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы таратты.
Маалыматка таянсак, 19-20-апрель күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
"Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат", - деп кошумчалайт ӨКМ. Ошондой эле эртең, 16-апрель күнү дагы өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы күтүлөт.


