super.kg logo

90-жылдардагы бандитизм жана рейдерлик кайтып келдиби? Аларды кимдер колдоп жатат?

 

"Акнет" интернет таратуучу компаниясынын айланасында 2018-жылдын ноябрь айынан бери тынч ишмердүүлүк жүрө элек. Тактап айтканда, компаниянын имаратына Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы текшерүүгө барып, 22-ноябрда "Акнеттин" иши үзгүлтүккө учураган.

Маалыматтар боюнча компанияны 3 адам негиздеген. Акционерлердин ортосунда пикир-келишпестиктер жаралып, алардын биринин арызынын негизинде мамлекеттик органдар текшерүүгө алып, жетекчилик тарабынан коррупциялык иштер жана башка мыйзам бузуулар бар деген аныктамаларды таап, жалпы 6 кылмыш ишин козгогон.

Компаниянын ичинде анын акцияларына ээлик кылгандардын ортосунда пикир-келишпестик эмнеден жаралган? Козголгон кылмыш иштери мыйзамдын негизинде тескелгенби? Мындай суроолор менен катар дагы бир суроо жараткан жашыруун камерага тартылып, интернетке тараган видео болду. "Акнеттин" кеңсеси делген имаратка жол тандабас унаалар бир нече ирет келип, компаниянын өкүлүн опузалаганы тартылган видеолор кызуу талкуу жаратып келүүдө. Интернет колдонуучулар "90-жылдардагы бандитизм, рейдерчилик кайтып келди. Бийлик тарабынан колдоо күч болсо дал ушундай "каралар" ойгоно баштайт" деген талкууларды жазышууда. Албетте бул видеодогу окуя чындыгында болгонбу же монтаждалып жасалганбы, муну тиешелүү органдар тастыктай элек.

"Кыргызча алдыңа келип өтүндүм, мындан аркысын өзүңдөн көр"

Видеодо көрүнүп тургандай, белгисиз адам компаниянын жетекчиси делген адамга келип, акциялар тууралуу кеп баштап, "Мен башка акционердин акцияларын сатып албай эле өз күчтөрүбүз менен алып койдум. Сен да акцияларыңды берүү боюнча жакшылап ойлон, мен кыргызча алдыңа келип өтүндүм. Мындан аркысын өзүңдөн көрөсүң" деген сөздөрдү айтканын угууга болот. Мындай видеолордун бир эмес, бир нечеси интернетке тараган. Ошол эле видеодогу сүйлөшүүдө Финпол (Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы) тууралуу сөз болот. Жетекчи маңдайындагы баарлашып отурган адамга "Финполду жибербей эле коё турчу" деп суранганын угууга болот. Ал эми сүйлөшүүгө келген киши "Финполдон келиштиби? Аларды мен жиберген жокмун. Алар силерди келип текшерерин билет болчумун, бирок алар менден келишкен жок. Мен андан катуу күч колдоном. Сырттагы кымбат унаа сеникиби? Компаниянын эсебинен тээп жүрөсүң да аны? Мен да ошондой кымбат унаа мингим келет", - деген сөздөр менен диалог уланат.

"Акнет" боюнча тергөө иштерин Финполдон ИИМ өткөрүп алды

Видеолор мурда тартылган болсо дагы, учурда "Акнеттин" айланасындагы ар түрдүү талкуулар токтой элек. Ал эми ИИМдин маалымат кызматы буга чейин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жүргүзүп келген тергөө иштерин улантуу ИИМге өткөрүлүп берилгендигин жарыялады.

"Башкы прокуратура тарабынан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмүнүн “Акнет” ЖЧКсына карата Жазык кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмү (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу), 232-беренеси 2-бөлүмү (Уюмдардын бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу), 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 337-беренеси (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу) менен козголгон 5 кылмыш иши кыскартылган.
2019-жылдын 28-март күнү жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери кийинки иликтөөлөрдү уюштуруу ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Жактоочу: "Акнеттин" иши улам күчтүү органга өтүп жатат"

Жогорудагы окуялар боюнча "Акнет" ЖЧКсынын жактоочусу Амантур Абдырахманов SUPER.KG'ге буларды билдирди.

"Учурда ИИМден келген тергөө тобу 2018-жылдын ноябрь айында Финпол келип тинтип, текшерип кеткен иштерди кайталап жасап жатат. Алар ошол эле кызмат алып кетип кайра кайтарып берген документтерди өткөрүп алууда. Буга чейин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жүргүзгөн тергөөлөр жана козгогон кылмыш иштери мыйзамсыз болуп келген. Кийин аталган кызмат козголгон 6 кылмыш ишинин ичинен 4өөнү кылмыштын курамы жок деп жойгон болчу. Кийин дагы бир кызматкердин айлык акыга байланыштуу жазган арызынын негизинде Башкы прокуратура Финпол тарабынан жокко чыгарылган кылмыш иштерин 1 эле күндүн ичинде кайра калыбына келтирүү чечимин чыгарган. Муну менен Башкы прокуратура Финпол тарабынан жокко чыгарылган кылмыш иштери менен таанышып чыкпай туруп эле 1 кызматкердин арызы менен ишти кайра калыбына келтирип койгон деген пикирди айтсак болот.

Ал эми интернетке тараган видео боюнча айтсам, ал жерде ачыктан-ачык эле коркутуу, мыйзамга дал келбеген иш-аракет жүрүп жатканын көрүүгө болот. Биз ал адамдардын үстүнөн кимге кайрылууну дагы билбей калдык. Алардын артында кайсы бир мамлекеттик кызматтар турбайт деген кепилдик жок. Видеодо сүйлөп жаткан киши "Мен Финполду жиберген эмесмин, ал эч нерсе эмес. Мен андан да күчтүү күчтөрдү колдоном" дегенин угууга болот.

Андан бери "Акнеттин" ишине Башкы прокуратура, эми ИИМ өзү аралашып улам күчтүү орган көзөмөлдөп жатат. Тиешелүү органдар учурдагы "Акнеттин" айланасындагы баш аламан маселелерди мыйзамдын негизинде чечип берет деп ишенип туралы", - деди жактоочу Амантур Абдырахманов.

Компаниянын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке 150 миллион сом төлөп берген

"Акнет" компаниясынын негиздөөчүлөрү катары Кубан Ажымудинов, Руслан Абдумажитов жана Аскар Кутанов аттуу жарандар эсептелет. Компанияны үлүш ээлеринин бири Кубан Ажымудинов жетектейт. Былтыр ноябрь айында жетекчинин үстүнөн буга чейин аткаруучу директор болуп келген Руслан Абдумажитов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына арыз менен кайрылган. Анын арыз жазуусуна Кубан Ажымудинов экөөнүн ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик чыкканы себеп болгон. Былтыр 2018-жылы 19-ноябрда Финансы полициясы жазылган арыздын негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ушул жылдын январь айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы "Акнеттин" ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар болгону аныкталып, компания мамлекетке келтирген чыгымдын ордун толтуруп бергендигин жарыялаган. "Акнет" компаниясына карата мурун козголгон кылмыш иштин алкагында салыктык документтер текшерилип, айрым мыйзам бузуулар болгону аныкталды. Анын негизинде компания келтирилген чыгымдын ордун толтуруу үчүн мамлекетке 150 миллион сом төлөп берди", - деп билдирген аталган кызмат.

"Акнет" компаниясы - Бишкек, Ош шаарларында интернет жана телекоммуникация тармагында иш алып барган компаниялардын бири. Ал Кыргыз өлкөсүнүн маалымат-коммуникациялык технология рыногунда 1998-жылдан бери иштеп келе жатат.






"Акнеттин" жетекчилигин кимдер келип "коркутуп" кетти?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
16.04.2019. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мунун баарын Асылбек эле кылып жатат.
16.04.2019. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каралар *ойгонуп * жатат деп ким айтты. Алар уктабай эле жүрүшкөн го. Коңшунун тоогу туубай калса дале Асилбек дей бергиле.
16.04.2019. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр баардык жерде эле ошондой болуп калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: