super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Былтыр бардык көрсөткүчтөр азайып кеткен, анан эмнеге көпчүлүк коалиция өкмөттүн отчётун колдоп жатат?"

 

"Былтыр бардык көрсөткүчтөр азайып кеткен, анан эмнеге көпчүлүк коалиция өкмөттүн отчётун колдоп жатат?" - деп бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Мурадыл Мадеминов билдирди.

Депутат эмне себептен премьер-министр Кыргыз өлкөсүнүн экономикасын Түркия жана Кытай менен салыштырып жатканын түшүнбөй жатканын билдирди.

“Эгер былтыркы жыл менен 2017-жылдын бюджетин салыштырсак бардык көрсөткүчтөр азайып кеткен. Бир дагы көрсөткүч алдыга жылган жок, анан эмне себептен көпчүлүк коалиция өкмөттүн отчётун колдоду? Президент, көпчүлүк коалиция ишеним көрсөтүп жатат. Бирок силер элди кыйнап жатасыңар. 2018-жылдын бюджетин жабуу үчүн 2019-жылдын эсебинен "Кумтөрдөн" канча акча алдыңар?” - деди депутат.

Салык кызматынын жетекчиси Теңизбек Абжапаров: "План боюнча 80 миллиард 843 миллион сом түзгөн, 79 миллиард 583 миллион сом чогултулду же план 98,4 пайызга аткарылды. "Кумтөр" декабрь айында 1 миллиард сом төлөп берди. 2017-жылы декабрь айында да ушундай көрүнүш болгон", - деди.

Депутат: "Эгер биз 2019-жылдын эсебинен 2018-жылды жабуу үчүн жоопкерчилиги чектелген коомдордун, жеке менчик компаниялардын акчасын ала турган болсок, анын суммасы 1 миллиард сомдон ашып жатат. Өкмөт келип “биз жетиштик” деп отчёт берип жатат. 2019-жылдын биринчи кварталында жетишсиздик 1 миллиарддан ашык болуп жатат. Мен 5 жыл бою Экономикалык жана фискалдык комитеттин мүчөсү болгом, салык - бюджеттин өзөгү. Силер бул жылды деле жаба албайсыңар. Эсеп деген так илим, эмнеге элди кыйнап жатасыңар? Жөн эле кетип калгылачы. Өкмөт башчы өлкөнүн экономикасын Түркия, Кытайдыкы менен салыштырып жатат, мына силердин көрсөткүч”, - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: