super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ноокат районунда ата-энелер комитети 1-класста окуган балдардын ар биринен 1 миң сомдон чогултуп жатат" дейт окурман

 

"Ноокат районундагы Жийде айылында ата-энелер комитети 1-класста окуган балдардын ар биринен 1 миң сомдон чогултуп жатат", - деп SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман билдирди.

"Алар чогулган каражатка мектепке эстелик катары бир буюм алып беребиз деп жатат. Мектеп окуучуларынан акча чогултууну тыйып койсо кандай болот? 1 миң сомду бере ала турган, бере албай турган ата-энелер дагы бар. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ал акча көп да. Бул маселени Билим берүү жана илим министрлиги карап берсе жакшы болот эле", - деген пикирин билдирди.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
15.04.2019. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Винеткасы 500 чайпите анан муглимге подарка алганга эле жетет...менимче чогулуш отуп баардык ата эне чечет..алиппе майрамдын да озунчо шарт шааниси болгон жакшы музыкант видеосу менен эстеликке калса балдарга эле жакшы болмок...
15.04.2019. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мектепке 10-20 жылдыктар деле белек берип жатпайбы 1- класска эч кандай зарылчылык жок обо жоктук ашыкча кошоматчылык,алипе майрам деген деле туура эмес деп ойлойм менин эч кандай суротум видеом жок эсимде да жок бирок ага кайгырып капа деле эмесмин.
16.04.2019. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бишкекте 1500сомдон жыйнап жатат 1-класстын ата-энелер комитетти чайпитие винетка майда-чуйда анан класс жетекчиге белекке деп
16.04.2019. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бербеш керек вообще кайдагы ХХХХ алып жок кылышат.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-16 09:22:35
16.04.2019. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардык эле жерде чогултуп жатат, ата-энелер озулору чогултабыз майрам кылабыз деп башташат. эжейге кайра кайра эле подарок кыла бребизби десен деле болбойт экен биз деле кайра чогултуп атабыз 950 дон.
16.04.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Садигин деле мектебин деле кошоматчылык мн бутот турган болдуго биздада мындай койгой бар 5ата эне байыракда баштайт мынчадан жыйнайбыз деп калганы томолонуп атып таап берет карызга болсода бироодон алып
16.04.2019. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бардык жерде эле бар окшойт бизде да топтоп жатышат 1300 сомдон дешип. Мугалимине ар майрамды шылтоолоп бир класстан 4000 сомдой чогулат. 2 класс окутса 8000 түшөт (балдарыбызды окутуп жатат мейли деген менен айлыгын алып жатпайбы).Бунусунда жөн койгула албайм рахмат дегенге жарабайт мугалими.Ууунчукпай күлүмүш болуп тылтыйып ала берет. Койгула бербейм десең көпчүлүктүн назарына каласың, балама көңүл бурбай коёт дейсиң, эмне десең да көпчүлүк чечет, айласыз бергенге туура келет.
16.04.2019. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Садагаң кетейин оооо билим министрлиги кабинетинен чыкпаса койсун, айылдардагы мектептердин мышык ыйлаар билим сапатын кыдырып көрбөйле койсун, жок дегенде жылуу креслосунан турбай эле ушуга окшогон нерселерге катуу тыйуу салып койсо болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: