УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун соту 7-майга жылдырылды
УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун соту 7-майга жылдырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Чолпон Жакупова социалдык түйүндөгү баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Суталиновдун ден соолугу начарлап сотко келбегендиктен соттук отурум жылдырылды. Соттук отурум бүгүн, 15-апрелде өтмөк.
Буга чейин 9-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин күбө катары сурала турган өкүлү сот залына келбей калгандыгына байланыштуу судья отурумду 15-апрелге жылдырган.
Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.
Жактоочусу Тимур Карабаев Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканын айтып, аны абактан бошотуу өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна кайрылган. Сот отурумунун жүрүшүндө, анын саламаттыгы боюнча чечим кабыл алган комиссия мүчөлөрү да Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканын айтышкан. Бирок Ленин райондук соту мамлекеттик айыптоочунун каршы болгондугуна таянып, Мурат Суталиновду абактан бошотуудан баш тарткан.





1 |