super.kg logo

Ош шаардык соту сейил бакта отурган аял менен эркектин колу-бутун байлап, ээн талаага таштап кеткен 3 адамга карата чечим кабыл алды

 

Ош шаардык соту Ош шаарындагы эс алуу багында отурган аял менен эркектин уюлдук телефондорун, унаасын тартып алып, колу-бутун байлап ээн талаага таштап кеткен 3 адамга карата чечим чыгарды. Акт.сот.кж сайтындагы маалыматка ылайык, жогорудагы кылмышты жасады деп табылган адамдын биринчисин сот 12 жылга, экинчисин 6 жыл 3 айга эркинен ажыраткан. Үчүнчүсүн 6 жылга шарттуу кескен.

Окуя өткөн жылдын сентябрь айында болгон. Анда эркек киши менен аял саат 22:00дөр чамасында тамактануу үчүн ашканага барып, бирок ашкана жабылып жаткандыгына байланыштуу шишкебек сатып алып, бакта кечки шаарды көргөнчө тамактанууну чечишкен. Ал учурда жолго Тойота-Хайлендер унаасын токтотуп коюшкан. Бир кезде алардын унаасынын жанына 2 адам келип, унааны ары-бери өтүп карашып, андан кийин өздөрүнө келип, эркек адамдын башына таш менен уруп, алаканын кесип салышкан. Ошол эле учурда жабырлануучулардын 15 миң сом накталай акчасын, баасы 10 миң сомдук портмонесин, баасы 53 миң сомдук Айфон 6S үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана баасы 1 200 сомдук телефонун каракчылык жолу менен тартып алышкан. Андан кийин экөөнүн буту-колун байлап Тойота-Хайлендер үлгүсүндөгү унаага салып, ээн талаага алып барып ташташкан.

Ал жерде аялдын колундагы жип жулкунуп жатканда чечилип, андан кийин эркек адамды жип, скотчтон бошотуп, жакын жердеги үйлөрдүн бирине барып милицияга кабар беришкен. Сот 42 жаштагы Т.З.ны кылмыштын башында туруп, баарын уюштурган деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ал мурда соттолгон. Ал эми 24 жаштагы У.Ж. Т.З.нын көрсөтмөсү менен кылмышты жасашып, 6 жыл 3 айга камакка алынган. Экөөнө такси катары келип, кылмыштын баарын көрүп, аял эркектин колу-бутун байлап унаанын жүк салуучу жайына салып кеткенин көрүп, бирок өзүнүн унаасы менен жолуна түшүп кеткен И.Р. 6 жылга шарттуу эркинен ажыратылып, 2 жылы сынак мөөнөтү деп белгиленген. Жабырлануучу аял соттук отурумдарга катышкан эмес. Ал катуу коркуп калганын, кылмышкерлерди көргүсү келбей турганын айткан. Ал эми жабыр тарткан эркек киши алардын мыйзам чегинде жаза алышын каалаганын айткан. Ага унаасы кайтарылып берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
16.04.2019. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Сот туура эмес чечип койгон окшойт, айфон 6s 53000 сом турбайт.
16.04.2019. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bond02,кандайча азыр арзан а мурда 60-70 мин эле тууган
16.04.2019. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
bond02,айфон мынча турбайт депеле анда зоокурлорду кое бериш керекпи ??? Акылына баракелде
16.04.2019. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
bond02,акылыңа береке. 10 миң болсо да жазасын алсын. 10 сомун да тартып алганга акысы жок.
16.04.2019. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur777, маалымат далилсиз. Эрежеге туура келбегендини үчүн өчүрүлдү.
16.04.2019. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам тамактар
16.04.2019. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арам тамак аш болбойт ХХХХ, уурдап тоноп бекер жеп журуп конушконда ХХХХ. Аздык кылат бул дагы 12 жыл , омур бою камап койсо жакшы болмок айбандарды
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-16 16:02:00
16.04.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сот аз бериптир.алардын 1 куну 2кунгө эсептегенде эртен эле чыгышат.
16.04.2019. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аял адам менен жүргөндө. Өтө кас душман болсода тийбейш керек. Буларды өмүр бою кесиш керек. Сот,сенинда аялын менен кошо уруп. Сенин көзүнчө аялынды да урса эмне кылмаксын.
16.04.2019. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Адам олтургондор чыгып кетип жатпайбы,буларды дагы соттоптур статистикага эч Ким олгон жок материалдык чыгым кайтарылды.камагандан эмне толк Бекер багат мамлекет 12 жыл
16.04.2019. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өйдө жактагылар айфонду тартып алганын эле кеп кыласыңар, көзүңөргө айфон эле көрүндүбү? Машинасын тартып алганын окубадыңарбы? Ал машинанын акчасына канча айфон келет билесиңерби?) Уурулук кылгандар менен каракчылардын колун кесиш керек! Бир колун кескенде токтотпосо экинчи колун кесиш керек, ошондо өзү иштебей бирөөнүн (туугандарынын) акчасын жегенге татыктуу болот!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: