Чүйдө электр мамысын унаасы менен сүзүп алган айдоочу каза болду. Унаа экиге бөлүнүп кеткен
Чүй облусунун Ленинское айылында жол кырсыгы катталып, айдоочусу окуя болгон жерден каза болуп калды. Бул тууралуу маалыматты Чүй ОИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгилүү болгондой, окуя кечээ, 15-апрель түнү саат 23:30, 24:00 чамасында орун алган. Ленинское айылында шаарды көздөй багыт алып келе жаткан Инфинити үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып электр мамысын сүзгөн. Кырсыктан улам айдоочу ошол эле жерден каза болгон. Ал 1985-жылы туулган Чүй облусунун тургуну болгон. Унаада башка жүргүнчү болгон эмес. Кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Чүйдө электр мамысын сүзгөн унаа экиге бөлүнүп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aikaaaa

16.04.2019. 23:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык каш кабактын ортосунда, ай жүр аман жүр. Деги айдоочулар рулга отурганда абайлап, акырын айдагылачы. Жетчү жериңе акырын айдасаң деле жетесиң. Жарым саат эрте аркы дүйнөгө баргычакты, жарым саат кеч өз үйүңө барган жакшы го
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.