super.kg logo

Бишкек мэриясы Текебаев менен Жапаровдун кылмыш иши кайра каралган күнү тарапташтарына митинг өткөрүүгө уруксат берди

 

Буга чейин маалымдалгандай, 23-апрелде Жогорку Соттун имаратынын жанында абакта жаткан саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаровдун иши акыйкат иликтенишин талап кылган тынчтык митинги өтөт. Ага 6 миңдей адам катыша тургандыгын Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов кабарлаган. Ал митингге чыккандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздап берүү боюнча өтүнүч каты Бишкек мэриясына жиберилгенин кошумчалаган.

Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова өтүнүч кат канааттандырылганын SUPER.KG порталы кайрылганда маалымдады.

"Бул күнү шаарда эч кандай иш-чаралардын өтөрү пландалган эмес. Андыктан тынч митингди өткөрбөгүлө дегенге негиз жок. Биз катты Биринчи Май райондук акимчилигине жөнөтүп, 23-апрелде коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздап бергиле дедик", - деди ал.

Садыр Жапаров 2017-жылы "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов "коррупция" боюнча айыпталып, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.04.2019. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сотторго ынсап берип бошотуп жиберсе жакшы болмок акталыш керек бирок Эл чарчады окшойт пикет митингтен
16.04.2019. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев менен Текебаев орун алмашканы калды. Келме кезек дейт.
16.04.2019. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дагы митингби?
16.04.2019. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен катышам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: