super.kg logo

Ноокенде жардан кулаган жаран бир күндөн кийин табылды. Абалы туруктуу

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жардан кулаган жаран куткарылып, абалы туруктуу. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 15-апрель күнү түнкү саат 11:25те Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Тоскоол айылынын Алаш тоосунда 41 жаштагы М.И. аттуу эркек кишинин жардан кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге ӨКМнын Ноокен райондук бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, саат 02:40ка чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.

Бүгүн, 16-апрель күнү Ноокен райондук №55 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан таңкы саат 06:15те издөө иштери улантылып, саат 07:40та жабырлануучуну табышкан. Куткаруучулар жардан кулаган жаранды тоодон алып түшүп, саат 10:00дө туугандарына өткөрүп беришкен, абалы канааттандырарлык. Ал эми жаран бутун кокустатып алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.04.2019. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туну бышырып коюпбу тоонун башына, жакшыда аман калыптыр,шор тиричиликтин айынан кой эчкисин издеп чыкса керекда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: