super.kg logo

УКМК: "Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым жетекчилери кармалды"

 

УКМКнын кызматкерлери тарабынан жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 8-октябрында 1 миллиард 200 миллион сом өлчөмүндө биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча тендер жарыяланган. Тендерге 5 чет элдик компания катышкан. Алардын ичинен бири эң арзан сунушту 686 миллион 772 миң 250 сомго сунуштаганына карабай, комиссия 940 миллион 150 миң сом сарптоочу компанияны жеңүүчү деп тапкан. Натыйжада катышуучулар сунуштаган каражаттын айырмасы 253 миллион 377 миң 750 сомду түзгөн.

Тагыраак айтканда, жаңы үлгүдөгү бир паспорттун баасы 165 сомго арзаныраак болуп 420 сом турмак. Тендердик комиссия жеңүүчү деп тапкан компаниянын сунуштаган баасы 585 сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, атайын бланктык продукцияны даярдоодо көп жылдык тажрыйбасы бар, дүйнөгө белгилүү компаниялар негизсиз себептер менен тендердик комиссия тарабынан сынактан четтетилген.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин “коррупция” боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүк иштердин алкагында тендерди жеңип чыккан чет өлкөлүк компаниянын Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарына тиешеси бар экендиги аныкталды. Азыркы учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы 3 адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми айрым маалымат каражаттар кармалган жарандар "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев экенин жазышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.04.2019. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм мына акчалар . караламан журт айткан акчасын берет да кете берет.
16.04.2019. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тендер болуп атканда силер эшек такалап журдунорбу ал акачлар синип кеткенден кийин крысаларды кармабай
16.04.2019. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай тендерлер ар тармакта канчалаган отуп жатат мындай чон суммада акча жеп жатышса ошого биз карызга батып жатабыз да .
16.04.2019. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу тендер өткөрүп жатканда көз карандысыз коммиция түзүп, анан өткөрүш керек экен. Качан болсоле болуп бүткөндөн кийин, тигиндей, мындай деп жедирип, ичтирип ийип отуруп калабыз уяты жок, элин ойлобогон акмактарга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: