super.kg logo
  Саясат  

"Өкмөт жакында парламенттин кароосуна 5 жылдык жаӊы тарифтик саясаттын долбоорун киргизет" дейт өкмөт өкүлү

 

Өкмөт жакында парламенттин кароосуна 5 жылдык жаӊы тарифтик саясаттын долбоорун киргизет. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин комитет жыйынында Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев билдирди.

Маалыматка ылайык, депутат Бактыбек Турусбеков өкмөттүн отчётунда Кыргыз мамлекетиндеги тарифтик саясаты жөнүндө маалымат камтылбай калганына нааразы болду.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов электр энергиясы боюнча тарифтик саясат 5 жылда бир кабыл алынып турарын белгиледи. "Тарифтик саясат жаӊыртылат деген сөз, электр энергиясынын наркы көбөйөт дегенди билдирбейт. Тариф көбөйүшү, азайышы же ушул боюнча эле калышы мүмкүн", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: