super.kg logo

Ысык-Көлдө окуучунун өлүмүнө шектелип кармалган 8 окуучунун экөө үй камагына чыгарылды

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан жансыз денеси табылган мектеп окуучусунун өлүмүнө карата кармалган 8 окуучунун ичинен экөө үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты.

"Үй камагына чыккан балдар 16 жаштагы эгиздер. Алар март айында чыгарылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми калган 6 окуучу Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Тергөө иши дагы 2 айга узартылган", - деди басма сөз кызматкери.

Бул фактыны үй камагына чыгарылган балдардын жакындары да тастыктап, сурак болгон күндөрү алып барып жатышканын айтышты.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы унаа базарынын жанынан 12-февралда 11-класста окуган окуучунун жансыз денеси табылган. Ыкчам-тергөө тобу тарабынан шектүү катары 19 жаштагы Н.Т., 17 жаштагы Ж.С., С.Д., А.А., К.А. жана 16 жаштагы Т.Т., Т.Э. аттуу мектеп окуучулары кармалган. Алгачкы суракта кармалгандар каза болгон жаран менен мамилелери жакшы болбогондугун айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: