Май айына карата өлкө боюнча күтүлгөн аба ырайы
Май айына карата өлкөнүн аймагында кандай аба ырайы күтүлөрүн синоптиктер божомолдоду. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы таратты.
Чүй облусунун аймагында:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, 17...19° жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 12…14° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11° жылуулуктан 12...17° жылуулукка чейин, күндүз 18…23° жылуулуктан 25...30° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6° жылуулуктан 7...12° жылуулукка чейин, абанын күндүзгү температурасы 15...20° жылуулуктан 23...28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 53-73 миллиметр, тоо этектериндеги райондордо 89-91 миллиметр).
Талас облусунун аймагында:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, 15…17° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8° жылуулуктан 9...14° жылуулукка чейин, абанын күндүзгү температурасы 17...22° жылуулуктан 24...29° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (44-50 миллиметр).
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 17…19°, тоо этектериндеги райондордо 14…16° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11° жылуулуктан 12...17° жылуулукка чейин, күндүз 19…24° жылуулуктан 26...31° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9° жылуулуктан10...15° жылуулукка чейин өзгөрүлүп, абанын күндүзгү температурасы 15...20° жылуулуктан 23...28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт (35-82 мм, тоо этектериндеги райондордо 53-155 миллиметр).
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 11…13° жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын түнкү температурасы 2...7º жылуу тегерегинде болуп, абанын күндүзгү температурасы 9…14° жылуулуктан 16…21° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (26-37 миллиметр, чыгышында 37-80 миллиметр).
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 11…13º жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын түнкү абанын 3…8° жылуу тегерегинде болуп, кээ бир күндөрдө түнкүсүн жана эртең менен Ат-Башы районунда 0...-2° жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн (үшүк жүрүшү ыктымалдыгы 40-60 пайызды түзөт), абанын күндүзгү температурасы 13...18° жылуулуктан 21...26° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (28-53 миллиметр)
Алай өрөөнүнүн жайыттар зонасында:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 2…4º жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын түнкү температурасы 0…-5° суук, абанын күндүзгү температурасы -2…7° жылуулуктан, 10...15º жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (62-64 миллиметр).
Суусамыр өрөөнүндө:
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 7...9° жылуу болушу күтүлөт.
Абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн 0…-5° сууктан, 1…6° жылуулукка чейин, күндүз 13...18° жылуулуктан 20...25° жылуулукка чейинөзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (39-41 миллиметр).







1 |