super.kg logo
  Саясат  

Былтыр прокуратура органдарынан 24 кызматкер жумуштан бошотулуп, 3 кызматкерге кылмыш иши козголгон

 

2018-жылы прокуратура органдарынан 24 кызматкер жумуштан бошотулуп, 3 кызматкерге кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Дастан Бекешев прокуратура жарандардын көйгөйлөрүн укпай жатканын айтты. "Биз сизге ишенип кайрылсак, сиз катты алып облустук прокуратурага жөнөтүп коёсуз. Бирок ал жактан жооп жок. Менде каттар көп, облустук прокуратура "карап жатабыз, жооп беребиз" деп кутулат. Жарандардын көйгөйлөрү чечилбей ыйлап жүрөт", - деди Бекешев.

Башкы прокурор: "Арыз-даттанууларды карай турчу атайын бөлүм бар. Былтыр жарандар тарабынан 54 миңден ашык арыз-даттануу келип түшкөн. Жалпысынан 11 миңден ашыгы каралды. Бул бөлүмдө 30 кызматкер иш алып барат, алар күнүгө 10дон кат карайт. Ар бир арыз боюнча каралып, жыйынтык чыгаруу боюнча иштер аткарылууда. Колдон келишинче жардам берүүгө аракет кылып жатабыз. Ар бир арыздын артында канча көйгөй турганын түшүнүп турабыз. Арыздарды эле карап отурабыз", - деп жооп берди.

Мындан тышкары депутат былтыр прокуратурада канча кызматкерге кылмыш иши козголгонун жана канчасы кызматынан алынганын сурады.

"Өздүк кызматтын жүргүзгөн иликтөө иштеринин алкагында 24 кызматкер жумуштан бошотулуп, 3 кызматкерге кылмыш иши козголгон", - деп жооп узатты Жамшитов.

"Бул аз. Учурда бизге ишкерлер көп кайрылып жатат. Кептин ачыгы, азыркы күндө коррупция менен күрөшүү боюнча эсепти толтуруу боюнча жарыш болуп жаткандай. Бул багытта иштерди жүргүзүү керек", - деп сунуштады депутат.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан 2018-жылы аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурор отчёт берүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: