super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Шайлоонун коопсуздугун 900 милиция кызматкери камсыз кылат

 
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого даярдыктар боюнча өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө маалымат жыйыны өткөрүлдү. Облустук Ички иштер башкармалыгынын орун басары Таирбек Жоробеков шайлоо өнөктүгүнө 900 милиция кызматкери тартылганын, шайлоо күнү 420 элдик кошуундун өкүлү, 140 ИИМдин алдындагы аскер кызматынын жоокерлери, күч түзүмдөрдөн 229 адам иш алып барарын жана 140 адам резервде турганын айтты. Казармалык абалда иштеген кызматкерлердин тамак-ашы өкүлчүлүк тарабынан чечилгени маалымдалды. Ал эми коопсуздукту сактоо боюнча кошумча 3 автоунаа бөлүнгөн. Облустук прокуратура тарабынан үгүт учурунда мыйзам бузуулар боюнча саясий партиялардан бир да арыз түшпөгөнүн А.Мамажакыпов билдирди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: