super.kg logo

Өткөн жылы ымыркайларды сатуу боюнча 10 кылмыш иши ачылган

 

Өткөн жылы ымыркайларды сатуу боюнча 10 кылмыш иши ачылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Депутат Карамат Орозова акыркы учурда социалдык тармактарда балдардын жоголгондугу тууралуу маалыматтар көп тарап жатканын айтты. "Бул боюнча канча кылмыш иши козголду, канча бала табылды, канчасы дайынсыз болууда?" - деп сурады депутат.

Жамшитов жооп бергендей, 2018-жылы ымыркайларды сатуу боюнча 10 кылмыш иши ачылган, анын ичинен жетөө бир өндүрүшкө бириктирилди. "Эки кылмыш иши боюнча 8 адамга карата кылмыш иши ачылып, учурда кылмыш иштери соттук органдарына өткөрүлүп берилген", - деди баш прокурор.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан 2018-жылы аткарылган иштер тууралуу башкы прокурор отчёт берүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: