super.kg logo
  Саясат  

Баш прокурор Рыскелди Момбековдун сулуу кызга көз кыскан эркектер боюнча тамашасын түшүнбөй калды

 

"Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым жетекчилеринин камакка алынышы боюнча көз салуу менен кол салуунун айырмасы бар да. Алар күнөөсү үчүн эмес, мүдөөсү үчүн камалып жатат", - деп бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

"Эки күн мурун Мамкаттоо кызматынын жетекчисинин орун басары, статс-катчысы жана "Инфокомдун" жетекчиси камакка алынды. Ал канчалык деңгээлде мыйзамдуу?" - деди депутат.

Буга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Тергөөчү 2 суткага камакка алса, бул анын укугу. Ишти козгогон башка, тергеген башка. Ал өзүнүн чечимдерин өзүнүн атынан кабыл алат. Бүгүнкү күндө алар 48 саатка шектүүнү камакка алды. Бөгөт коюу чарасынын айыбын угуза турган болсо, эгер далилдердин баары жетиштүү болсо, тийиштүү башкармалык окуп чыгып, анда биз кылмышка шектүү катары 3 адамга тең кабар беребиз. Эгер андай болбосо, кабар бербейбиз жана камактан чыгаруу мыйзам укугун колдонобуз", - деп жооп берди.

Депутаттын айтымында, кармалган 3 чиновник бюджетке зыян алып келген эмес. "УКМК "253 миллион сом зыян келди" деп урдуруп жатпайбы. Бюджеттен бир да сом кеткен жок, факты жок", - деди депутат.

Жамшитов жооп бергендей, эгер убагында бөгөт коюлбаса, келишим түзүлүп аракет болмок. "Аракет болуп жатат, азыр мен башкы прокурор катары туура же туура эмес деп айта албайм. Себеби тергөөчү менин айткан сөздөрүмдү байрак көтөргөндөй болуп "ушундай чечим чыгарышым керек" деген ойдо калат", - деди баш прокурор.

Момбеков: "Бул жерде зыян да, кесепет да аныкталган жок. Балким, алардын батыраак байып кетели деген ою болгондур, бирок көз салуу менен кол салуунун айырмасы бар да. Алар күнөөсү үчүн эмес, мүдөөсү үчүн камалып жатат. Жанагы "сулууларга суктанууга акым бар" дегендей эркектер сулуу кызга көз кысып койсо "ою жаман экен" деп камай берсек эркек калбай калат го", - деди.

"Тергөө жолу менен аныкталсын. Көз кысканы боюнча түшүнгөн жокмун", - деди Жамшитов.

Башкы прокурордун тамашаны түшүнбөй калганына депутат тамаша иретинде салыштырып жатканын түшүндүрдү.






Баш прокурор Рыскелди Момбековдун тамашасын түшүнбөй калды

Автор: Нургазы Аматов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: