super.kg logo

Инстаграмда кибер шылуундар баракчаларды бузуу үчүн зыяндуу спамдарды таратууда

 

Инстаграм социалдык түйүнүндө зыяндуу вирустарды тараткан жаңы схема пайда болду. Анын жардамы менен шылуундар колдонуучулардын жеке маалыматтарын алып, өз кызыкчылыктарына колдонушу мүмкүн. Мындай маалыматты Forbes журналы жазды.

Шылуундар баракчаны бузуу үчүн зыяндуу камсыздоо программасын колдонуучуга жиберип, андан соң "Вау! Сен ал тизмедесиң. Номер 100" деген фраза менен башталган шилтемени жөнөтөт. Эмне болгон тизмеге кирип калганына кызыккан колдонуучу шилтеме аркылуу өтүп, шылуундарга жеке маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Forbes журналынын эксперттеринин маалыматына караганда, мындай аракет 1 аптадан бери Инстаграм социалдык түйүнүндө жүргүзүлүүдө, бирок шылуундардын максаты кандай экени азырынча белгисиз. Бузулган баракчаларды хакерлер башка дагы зыяндуу камсыздоо программаларын жана спамдарды таратууга колдонуулары мүмкүн. Эксперттер эгерде, аккаунт бузулган болсо, колдонуучулар дароо сыр сөзүн алмаштыруусу кажет дешет.

Дал ушундай зыяндуу вирустар электрондук почтада жазылган эски каттар аркылуу да тарап жатат. Алардын мындай тактикасы киберкылмышкерлердикине окшошуп кетет деп жазат журнал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: