ePassport`тун бланктарын жасоо боюнча өткөн конкурстун жыйынтыгы жокко чыгарылды
ePassport`тун бланктарын жасоо боюнча өткөн конкурстун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, конкурстун жыйынтыгын жокко чыгарууга арыз мөөнөтүнүн бүтүп калгандыгы себеп болгон.
"Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттордун бланктарын сатып алуу боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.
2018-жылдын 23-октябрында Мамлекеттик сатып алуулар порталында ачык конкурс жарыяланган.
Ошол эле жылдын 19-ноябрь күнү төмөндөгү 5 компаниянын конкурска катышуу боюнча арызы ачылган:
- Muhlbauer ID Services GmbH компаниясы (Германия);
- Veridos GmbH компаниясы (Германия);
- "Гарсу пасаулис" жабык акционердик коому (Литва);
- IDEMIA France компаниясы (Франция);
- "Банкнот фабрикасы" ишканасы (Казакстан).
"Мамлекеттик сатып алуулар" боюнча мыйзамдын 29-беренесине ылайык, Veridos GmbH, ID Services GmbH жана "Банкнот фабрикасы" компаниялары талаптарды так аткарбагандыктан конкурстан четтетилген.
Ушул жылдын 11-январында конкурстук комиссия тарабынан "Гарсу пасаулис" жабык акционердик коому жеңүүчү деп табылып, IDEMIA France SAS компаниясы 2-орунга ээ болгон.
Muhlbauer ID Services GmbH жана IDEMIA France SAS компанияларынын даттануусунун негизинде Мекемелер аралык комиссия тарабынан көз карандысыз аудит жүргүзүлүп, конкурсту өткөрүүдө эреже бузуулар болгондугу аныкталган эмес. Ошондой эле даттануулар негизсиз деп табылган.
Жеңүүчү компаниянын конкурстук арызынын мөөнөтү 2-апрелде соңуна чыкты. Бирок "Гарсу пасаулис" жабык акционердик коому менен келишим түзүлгөн жок. Буга байланыштуу өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Биометрикалык паспорттордун бланктары алынып келбегендиктен өлкө бюджетинен аталган компанияга каражат которулган жок. Демек, мамлекетке чыгым келтирилген эмес", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматы Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалган мекеменин кызматкерлери тууралуу да үн каткан.
"Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев конкурстук комиссиянын төрагасы катары мыйзам чегинде иш алып баргандыгы көз карандысыз органдар жана комиссиялар тарабынан аныкталган.
Статс-катчы Данияр Бакчиев конкурстук комиссиянын мүчөсү болгон эмес жана "Гарсу пасаулис" компаниясы менен келишим түзгөн эмес.
"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев конкурстук комиссиянын мүчөсү болгон эмес жана комиссиянын ишмердүүлүгүнүн алкагында эч кандай аракеттерди жасаган эмес", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Кыргыз жарандарынын жаңы муундагы (ePassport) жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык жаңы паспорттордун бланктарын сатып алууга тендер өткөрүлүп, аны литвалык "Гарсу пасаулис" компаниясы утуп алган.
Мамлекеттик каттоо кызматы бланктарды сатып алуу үчүн тендерде 1 миллиард 2 миллион сом сунуштаса, ага катышкан "Muhlbauer ID Services GmbH" компаниясы 686 миллион 772 миң 250 сом, "Veridos GmbH" 936 миллион 347 миң 750 сом, "Гарсу пасаулис" 940 миллион 150 миң сом, "IDEMIA France SAS" компаниясы 948 миллион 713 миң 750 сом сунуштаган. Бирок буга германиялык "Muhlbauer ID Services GmbH" жана франциялык "IDEMIA France SAS" компаниялары нааразы болуп чыгышкан.
1-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүп жаткандыгы белгилүү болгон. Кечээ, 16-апрелде иликтөөнүн жыйынтыгы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы 3 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин УКМКнын маалымат кызматы тастыктады.


