super.kg logo

Өзгөндө жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болгон эркек кишинин жакындарын милиция издейт

 

Ош облусунун Өзгөн шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 55-60 жаштагы эс учун жоготкон абалда жеткирилген эркек кишинин жакындарын милиция издейт. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-апрель күнү саат 16:00 чамасында аты-жөнү белгисиз, кебетеси азиялык болгон эркек киши ооруканага келип түшкөн. Ал жаран жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келе албай каза болуп калган.

Сурамжылоо иштерин жүргүзгөн учурда, бул жаран Өзгөн шаарынын аймагында күнүмдүк жалданма жумуш менен алектенип, устачылык кылып келген. Атын тургундарга Айтибай деп тааныштырган. Анын кайсы жердин тургуну экендиги жана аты-жөнү толук аныкталбай жатат.

Өзгөчө белгилери: дене түзүлүшү арык чырай, чачын ак баскан, бою болжол менен 165-170 сантиметр, жүзү кара тору, көзү көгүш, алдыңкы 3 тиши сары металлдан салынган. Эки көзүнүн үстүндө калдары бар.

Эгерде сүрөттөгү жаранды таанып-билгендер болсо, төмөндөгү телефондорго кабарлап коюуну Ош ОИИБи сурайт.

Байланыш телефондор: 0(3233) 5-06-36, 0777-00-29-24, 0778-48-63-58.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.04.2019. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах бейиштен орун берсин. Бечара тирилик деп журуп кетиптир да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: