Өлкө аймагында экстремисттик жана террордук маалыматтарды тараткан деп 139 интернет сайты жабылды
Башкы прокуратура тарабынан 2018-жылы экстремисттик жана террордук маалыматтарды тараткан 139 интернет сайты жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
"Өткөн жылы мындай интернет булактарын жабуу жөнүндө 31 доо арыз келтирилип, алардын кароолорунун жыйынтыгы менен соттор 139 интернет сайтына жана 220 интернет баракчасына тыюу салган", - деди ал.
Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан 2018-жылы аткарылган иштер тууралуу башкы прокурор отчёт берүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

