super.kg logo

Астротөлгө: 18-апрелде төрөлгөндөр өзгөлөрдүн ийгилигине кубанганды билген адамдар болушабы?

 

18-апрелде көбүнесе көп кырдуу адамдар төрөлүшөт жана аларды ишенимдүү түрдө күчтүү, көз карандысыз болушат деп айтса болот. Жеке өздөрүнүн эле кызыкчылыгын ойлобостон айланасындагы адамдарга да камкордук көрсөтө алышат. Өзгөчө алсыз адамдардын таламын талашып, аларга колдоо көрсөтүшөт. Акыйкат үчүн күрөшүшөт.

Бул күндүн ээлери менен идеяларыңызды бөлүшүп, келечекке карай пландарды бирге койсоңуз жакшы ийгиликтерге жетишесиз. Ар дайым жанында көптөгөн достору, жакшы адамдар курчап жүрүшөт жана урмат-сый менен мамиле кылышат. Себеби бул күнү төрөлгөндөр башкалардын ийгилигине да кубанганды билишет жана жардам сурап кайрылгандарга колунан келип турса баш тартышпайт. Ушул сапаты менен дистанцияны сактап, адамдарды таарынтып алуудан алыс болушат.

Руханий жактан атасынын же апасынын ички дүйнөсүн тартышат. Ата-энесинин моралдык жактан колдоосуна көз каранды болушат. Бала кезинен ата-энесин идеал тутушат. Улуулардын пикирин ар дайым сыйлашат. Бул күнү төрөлгөндөр өзүнө ишенген, достукка бекем, темпераменттүү, мээримдүү, сүйүүгө бекем болушат. Жактырып калган адамы күчтүү каршылашы болсо дагы, жүрөгүн багындыра алышат. Бирок сезимдери боюнча көпчүлүккө жарыя кылганды жактыра беришпейт. Тымызын иш жасагандыктан айрым адамдар түнт адам деп да ойлошот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: