super.kg logo
  Спорт  

АФК Кубогу: "Дордой" конокто "Худжанд" клубунан жеңилди. Азамат Байматов кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилди

 

Бүгүн, 17-апрелде АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында "Худжанд" - "Дордой" беттеши орун алып, бишкектик клуб жеңилүүгө дуушар болду.

Беттештин 16-мүнөтүндө "Дордойдун" жарым коргоочусу Бекжан Сагынбаев эсеп санын ачып, командасын алдыга алып чыкты. Бирок 42-мүнөттө талаа ээлеринин капитаны Дильшот Восиев эсепти теңдеп, оюндун 1-бөлүгү 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

2-бөлүктүн башында "Дордой" клубу конокто ойноп жатканына карабастан активдүү оюн көрсөтүп жатты. Буга карабай 63-мүнөттө коноктордун дарбазасына көтөрүлгөн топту кайрадан эле Восиев дарбазага таамай сүзүп, талаа ээлерин алдыга сүйрөп чыкты. "Дордой" клубу эсепти теңегенге болгон аракетин жумшап, бирок жыйынтык чыккан жок. Беттештин соңку көз ирмемдеринде Азамат Байматов айып аянтчасында эреже бузуп, 2-сары кагазга ээ болуу менен оюндан четтетилди. Дайындалган 11 метрлик айып соккуну Жахонгир Эргашев таамай аткарып, Худжанд клубу 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

"Дордойдун" башка атаандаштары "Алтын Асыр" менен "Истиклол" клубдарынын өз ара беттеши 1:1 эсебинде аяктады. Жыйынтыгында D тайпасынын сап башында 4 упайы менен "Истиклол" клубу турса, 3 упайга ээ болгон "Худжанд" клубу 2-орунга жайгашты. 3-орунда 2 упай топтогон "Алтын Асыр", 4-орунда 1 упайы менен "Дордой" клубу турат.

Кийинки турда бишкектик клуб тайпанын лидери "Истиклол" клубу менен кез келет. Беттеш 1-майда, Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында орун алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
17.04.2019. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин стадион мн алардын стадионун карагыла.уят эле эч болбосо тажиктердин стадионундай стадион жок бизде
18.04.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун Рамос сезген Байматов кызыл карточка алыптыр да,команданы артка тартып
18.04.2019. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байматов келбетими Роналдуга окшоштурат,гол киргизгенимди Рамоско окшоштурат деп мактанып алып шерменде болгону эч эсимден кетпейт !!!
18.04.2019. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dembele84,кошулам созуно
18.04.2019. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
senchi,обу жокта бат эле звезда болуп кетишет буларын
18.04.2019. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турсунали Рустамов кайсы командада ойночу еле
19.04.2019. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскар ава, оюнчуларды жакшылап такалап койбосоңуз болбой калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: