Депутат: "Ош базарында" дагы бир өрт чыгып кете электе ал жакта жаралып жаткан маселени чечүү керек"
"Ош базарда" дагы бир өрт чыгып кете электе ал жакта чыгып жаткан маселени чечүү керек", - деп бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Бакиров айтты.
"Ош базарынын" тегерегиндеги маселе боюнча токтолгум келет. Акыркы 3-4 күндөн бери базардын ижарачылары көчөдө жүрөт. Алар өздөрүнүн турмуш-тиричилигин өткөрүп жаткан жерди коргоп жатышат. Бул маселени мэрия карап, чечип берсе, бул базар муниципалдык базар болуш керек. Эки күндөн бери ал жерде пикир-келишпестик болуп жатат. Мага телефон чалып, сүрөттөрүн жиберип жатышат. Демек, бул жерде маселе бар. Дагы бир жолу өрт чыгып, башка маселе жаралып кете электе бул маселени чечип берүүгө чакырам", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:08
2025-07-22

9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.