super.kg logo

Парламентте Чехияга виза ала албай жүргөн Кыргыз жарандарынын көйгөйү көтөрүлдү

 

Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов тышкы миграция маселесин көтөрдү.

"Өлкөдө иш орун жок болгондуктан жарандарыбыз өздөрү чет өлкөдөн жумуш издеп жүрүшөт. Мага жакында Чехиядан чакыруу алып 6 айдан бери виза ала албай жүргөн биздин жарандар кайрылды. Чехиянын элчилиги Казакстандын Нур-Султан шаарында экен. Электрондук кезекке такыр тура албай айласы жок болуп жатышат. Ушул маселени өкмөт өзүнүн колуна алып, Чехия менен мамлекеттер аралык келишим түзсө жакшы болмок.

Чехиянын ишканаларынын жетекчилери Бишкекке келип кеткен экен. Алар иш орундарын түз келишим менен берүүгө даяр экенин билдиришкен. Бирок биздин дипломатиялык мекемелердин жоктугу тоскоолдук болуп жатат. 2019-жылга Чехияда 500 миң квота бар экен", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.04.2019. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундсн суйлочу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: