Депутат Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы тууралуу: "Ар бир долбоордун негизги максаты - акча табуу"
"Ар бир долбоордун негизги максаты акча табуу, алдын ала мактап асманга чыгарбоо керек", - деп бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы тууралуу маселени кароо учурунда депутат Исхак Масалиев айтты.
Депутат саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге алдыда пайдаланууга бериле турган ооруканага байланыштуу бир нече суроолорду узатты.
"Оорукананы башкаруу милдети кимге берилет, ал жакта канча адам иштейт?", - деди депутат.
Буга саламаттыкты сактоо министри: "Түркиядан 30га жакын дарыгер келет. Кыргыз тараптан бул ооруканага иштөөгө дарыгерлер тандалып алынат. 3 жыл бою башчы катары түрк жараны анын орун басары кыргыз жараны болот. Финансылык жактан да түрк жараны башкарып анын орун басарлыгына кыргыз жараны дайындалат. 3 жыл ичинде түрк жарандары заманбап техникаларды колдонууну үйрөтүшөт", - деди министр.
"Грантты бизге эмес, өздөрү иштеткен ооруканага берип жатышат. Айырмасы барбы?", - деди депутат.
"Бул ооруканада 300гө жакын кызматкер болот, анын 30у түрк жарандары болот. Түрк жарандары убактылуу келип иштеп кетишет. Оорукананы башкаруу кеңеши 5 кишиден турат, анын экөө кыргыз жарандары - биздин министрликтин 1 өкүлү, башкы дарыгердин орун басары. Ал эми түрк тараптан 3 өкүл болот. Мында эч кандай көйгөй жаралбайт деп ойлойм",- деди министр.
"Биздин өлкөдө оорукана курулабы ишканабы кандайдыр бир пайда табуу үчүн курулат туурабы?", -деди Масалиев.
Министрден "Алар Кыргыз элине жардам берели деп жатат, мындай бүдөмүк ойлорду айтуу туура эмес", - деген жооп болду.
"Саламаттыкты сактоо тармагы бизнес эмеспи? 3-окууда эч нерсе өзгөртө албайбыз. Ар бир долбоордун негизги максаты - акча табуу, алдын ала мактап асманга чыгарбоо керек", - деп сөзүн жыйынтыктады депутат.




1 |