super.kg logo
  Саясат  

Жыйынга кечигип калган Экотехинспекциянын директору сөгүш алды. Вице-спикер аны "бул эмне Жогорку Кеңешке эркелеп жатабы?" деди

 

Жолдошбек ЖунушевБүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынына кечигип калган Экотехинспекциянын директору сөгүш алып, ал баяндама жасай турчу маселе талкуудан алынды.

Жыйында “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралмак. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев баяндама жасашы керек болчу.

Вице-спикер Мирлан Бакиров: "Баяндамачы барбы? Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору? Баяндамачы кайда? Урматтуу депутаттар, бул эмне Жогорку Кеңешке эркелеп жатабы? Аппарат, өкмөттүн өкүлү сиздерге эскертүү, өкмөт башчы директорго сөгүш берсин", - деди Бакиров.

Мындан кийин маселени күн тартибинен алып салуу сунушу киргизилип, 61 депутаттын добушу менен ал алынды. Бул учурда жыйынга Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору шашып кирип келди. Ал бир нече мүнөт отуруп, андан соң жыйындан чыгып кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: