super.kg logo

Ош шаарында Rauf & Faik тобунун катышуусу менен музыкалык фестиваль. Билеттер үчүн O!Store дүкөндөрүнө шашылыңыздар

 

О! Мобилдик оператору Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен Japar Production уюштуруп жаткан быйылкы жаздын масштабдуу музыкалык иш-чарасын сунуштайт.

26-апрелде саат 18:30да NURZAMAN Plaza соода борборунун аянтында Rauf & Faik популярдуу чет өлкөлүк тобунун, ошондой эле ата мекендик эстрада жылдыздары Нурмат Садыров жана Ильяс Кудретовдун катышуусу менен жаштар фестивалы өтөт.

Ош шаарынын тургундарын жана меймандарын чакырабыз! Атактуу хиттерди кошо ырдап, тааныш ыргактарга бийлеп кетиңиздер.

О! түйүнүндөгү номердин балансын бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Store дүкөнүнөн 200 сомдон кем эмес суммага бир жолку төлөм аркылуу толуктоо менен концертке 2 билет алууга болот.

Акция Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундары үчүн 2019-жылдын 25-мартынан 26-апрелге чейин жүрөт. Акциянын шартын аткарган учурда бир абонент колуна 2 гана билет ала алат. Балансты кайрадан 200 сомго же андан ашык суммага бир жолку төлөм аркылуу толуктаган учурда кошумча билеттер берилбейт. Акциянын алкагында толукталган акча каражаттарын байланыш кызматтарына гана колдонууга болот, "Мой О!" тиркемесиндеги «О!Деньги» сервисинин алкагында колдонууга болбойт.

Шашылыңыздар, билеттердин саны чектелүү. Билеттерди О! мобилдик операторунун сатуу кеңселеринен сураңыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: