super.kg logo

5 жашар баланы Ат-Башы каналынан издеп жаткан куткаруучулар 15-апрелден бери дайынсыз болгон эркек кишинин жансыз денесин таап алышты

 

Чүйдүн Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына түшүп кеткен 5 жашар бала 8 күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине күн сайын 100дөн ашык куткаруучу тартылууда. Мындан сырткары көмөк көрсөтүү максатында Казакстандын Жамбыл облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 4 суучул тартылган.

Ал эми бүгүн, 18-апрелде Ат-Башы каналында 5 жашар баланы издөө иштерин жүргүзүп жаткан куткаруучулар 15-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан Владимир Дорошевичтин жансыз денесин таап алышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Владимир Дорошевич 15-апрель күнү Константиновка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.

"Жакындары 16-апрель күнү милиция кызматкерлерине кайрылып, издөө салган. Анын жансыз денесин туугандары таанып, алып кетишти. Учурда маркумдун иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.04.2019. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жоголгон бала Кудай жалгап тируу табылып калса экен,бассам турсам оюмдан кетпей журот,ылайым эле бироо коруп калып куткарып тируу чыкса экен...
19.04.2019. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аман- эсен табылып калсын. Константиновка дегени каякта эле. Кыргызча атап койсо деле болмок экен айылдын атын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: