super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн парламентте 2020-2022-жылдарга карата өлкөнүн Бюджеттик резолюциясы каралат

 

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеӊеште 2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясы талкууланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коомдук талкууда 3 баяндама жасалат. Алардын темалары:

  1. "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2021-2022-жылдарга болжолунун долбоору жөнүндө". Баяндамачы Динар Турдумалиева, “Жарандардын катышуусу менен күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун бюджет мыйзамдуулугу жана финансы боюнча эксперти.
  2. "Кыргыз Республикасында макроэкономикалык тренддер жана жергиликтүү бюджеттердин көйгөйлөрү". Баяндамачы Гурас Жапаров, Кыргыз Экономикалык университетинин Финансы жана кредит кафедрасынын башчысы.
  3. "Кыргыз Республикасынын финансы саясатынын айрым маселелери". Артем Краснов, Кыргыз-Орус Славян университетинин Финансы кафедрасынын доценти.

Коомдук талкуу саат 15:00гө дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: