super.kg logo

2 айга камакка алынган Бакчиевдин апасы: "Эгер балам уурдаган болсо, "өлүмгө тике кара" демекмин"

 

"Балам Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев бюджеттен бир тыйын уурдаган жок, ак жеринен камалды", - деп бүгүн, 19-апрелде маалымат жыйынында Бакчиевдин апасы Райхан Мамытова билдирди.

Анын айтымында, баласы Япониядан билим алып, Кыргыз өлкөсүн өнүктүрүү максаты болгон. "Балам башында Кадр кызматында иштеген. Кийин сынактан утуп Каттоо кызматына дайындалган. Эртеден кечке чейин иштечү. Тендер боюнча аны негизсиз айыптап камакка алышты. Балам бюджеттен бир тыйын алган жок. Эгер ал уурдаган болсо, мен Курманжан датка апабыздай "өлүмгө тике кара" демекмин. Бирок балам уурдаган жок, ак жеринен камакка алынды", - деди Мамытова.

17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтому менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Айыпталып жаткандар "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев. Алар жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендердеги мыйзам бузуулар боюнча айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
19.04.2019. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уурдаганын сизге айтат беле,
Азыр акча дегенде ата энени баланы сатып жиберчу заман.
19.04.2019. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Катто кызматы эн жей турган жер.Канча башка олконун жарандарынан кыргыз паспортору чыгып атат
19.04.2019. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгер чын эле жесен олумго тик кара
19.04.2019. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бакиев деп окуп алыптырмын ха ха
19.04.2019. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апасы кайдан билет акча жеп жебегенин.Азыр Курманжан энебиздей баласын өлүмгө тик кара деп эч ким айталбаса керек. Карга баласын аппагым дегендей бул эне да баласын аппагым деп жатат да
19.04.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

Жебегенин кайдан билет? Азыр ким чоң болсо эле жеп, жутуп, семирмей болуп калды)
19.04.2019. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жебегенде еще как жешет жалан жогоруда жакта ищтегендер кормушкада сидять жеп ичишип и туугандары да жыргап жашашат балдары чет мамлекеттерде окуп кымбат кымбат машиналарды айдашып, калп эле Курманжан датка болуп чыга келишет экен энелери, андай Курманжан даткадай апалар жаралбаса керек эми кыргызда. Азыр колунан кармап куноосун бетине коюп берсенда мойнуна албайт кыкемдер, кара жанын жешип доконца танышат

19.04.2019. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу Достор бирок окуган билимдууну коррупционер карышкыр соттоп тергеп териштирип атканы окунучтуу
19.04.2019. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nursbaike,ооба эң туура айтасың, менин кайним окуган билимдуу, атактуу банктардын биринде иштейт, аябай чынчыл, ак ниеттуу, адилеттүү иштейт, бирок коррупционер жетекчиси көрө албай, аркасын чукуп чыкпасын деп, жалган жалаа жаап, иштен айдаган! Кыргыз эли качан оңолот, оңолгондорду да койбойт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: