super.kg logo

Аргентиналык 99 жаштагы кемпир 1-класска окууга кабыл алынды

 

Аргентиналык Эусебия Леонор Кордаль аттуу 99 жаштагы улгайган аял окуу жана жазууну өздөштүрүү үчүн кайрадан мектеп партасына отурду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, ал кайра окуу чечимин 2 себептен улам кабыл алганын айткан. Биринчиден, карылыгына байланыштуу окуганды, жазганды унутуп калган, экинчиден, балалыгы оор шартта өткөндүктөн ал учурда окууга жакшы көңүл бура алган эмес.

Эусебия Леонор Кордаль кичинекей кезинде апасы каза болуп калып, турмуш шартына байланыштуу окууга көп барбай калган. Андан кийин эрте турмушка чыгып, күнүмдүк тиричиликке алаксып, билим алууга шарт болбогонун айткан. Азыркы тапта мындай мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканына кубанганын жашырган эмес. Ушул тапта ал улуулар үчүн түзүлгөн мектептин 1-классында билим алууда. Классташтары 18 жаштан жогоркулар, эң улуусу Эусебия Леонор Кордаль.

Сабак жумасына 3 жолу өтөт. Аны окуткан мугалимдердин бири үйүнө келип мектепке жетелеп алып барат. Ал азыр окуп, жазганды кайра өздөштүрүп калгандыгы, алдыда компьютерде иштегенди үйрөнүүнү каалап жаткандыгы жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
19.04.2019. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Булго мейли, классташтары 18 жашта дейби?)) Ошондо Дибала 7-8 класста окуп аткан болуп калабы?)
19.04.2019. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Romantik.,Жок ай озунчо 18 жаштан откондор учун мектеп. Бизде да ушундай мектептер ачылса болмок. Мен билгенден 4 чоон эле агалар тамга таанышпайт
19.04.2019. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Syimyk.isaev,сырттан окуу мектептер бар бизде да
19.04.2019. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Андан коро намаз окуганды уйронбойбу ,али акылына кире элек экен.
19.04.2019. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Намаз эсеп-кысап, чийме, компьютерде иштегенди үйрөтпөйт.
19.04.2019. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Almaz_10, Компьютер, жазганды уйронуп не иштейби? Туура намаз окуш керек. Эгер акырети ойлонсо.
19.04.2019. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Титаниктеги Розанын кемпири го тимеле
19.04.2019. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми өлүп калып окуусу үзгүлтүккө учурайт эмеспи)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: