super.kg logo
  Саясат  

УКМК: "Паспорт чырын саясий нукка буруу аракеттери болуп жатат"

 

Учурдагы паспорт чырын саясий нукка буруу аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтому менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Айыпталып жаткандар "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев. Алар жаңы муундагы биометрикалык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендердеги мыйзам бузуулар боюнча айыпталууда.

"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жогорудагы тендерди уюштурууда жана өткөрүүдө коррупциялык көрүнүштөр болгондугу аныкталды. Мындан тышкары интернет булактарындагы маалыматтар боюнча, коррупциялык схемаларга катыштыгы бар делген чет элдик компания менен пайдасыз келишимдерди түзүү тобокели болгон. Муну менен катар эле ал ишкананын тендердин талабындагыдай документти даярдоо тажрыйбасы болгон эмес", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле анда тендерге катышуу үчүн 253 миллион 377 миң 750 сомго аз сумманы сунуштаган ишкана сынакка аягына чейин катышпай калганы белгиленген. Тендердик комиссия мамлекетке экономикалык пайда болору көрүнүп турса да, анын андан аркы сынакка катышуусу боюнча объективдүү аракеттерди көргөн эмес деп жазылган маалыматта. Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Инфоком" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Талант Абдуллаев 2016-жылы бир нече жолу тендерде уткан компаниянын өкүлү менен алгач Лондондо, кийин Алматы шаарында жолукканы жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: