super.kg logo

ЖЭБ соту. Айыпталып жаткан энергетиктер 2 жарым жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылды

 

Бүгүн, 19-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча кылмыш иштеринин бирине сот чечим чыгарды.

Жыйынтыгында:

Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев 2 жыл 6 айга абак жазасына тартылып, мамлекеттин пайдасына 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды;

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун мурдагы директору Узак Кыдырбаев 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып пул салынды;

Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айып пул салынды; Ал сот залынан камакка алынды.

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев 8 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып пул салынды;

ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, 100 миң сом айып пул салынды;

ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып пул салынды; Ал сот залынан камакка алынды.

ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков 4 жылга эркинен ажыратылып, 150 миң сом айып пул салынды.

Айып пулдан сырткары сот айыпталуучуларды мамлекетке 3 миллион 212 миң 259 сом төлөп берүүнү милдеттендирди. Мындан тышкары "Электр станциялар" ишканасынын арызынын негизинде ишкананын пайдасына 8 миллион сом төлөө чечими чыгарылды. Калган 26 миллион 321 миң сом төлөтүү доо арызын сот караган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(17)
19.04.2019. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жүз миң деген мындай уурулар үчүн жүз сомдой эле да, аны жөн эле төлөп койот. Өтө эле жеңил жаза берилген эмесби??? Алар уже мөөнөтүн өтөпда бүтүптүр го эки жыл берилсе, бир жылга жетип жетпей кутулат го
19.04.2019. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми наркы чоон жегендерге чооон айып салып 50 млн $ дан кобуроок ар бирине и кобуроок моонот бериш керек
19.04.2019. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жүз элүү миллион доллар жеген адамдарга жүз элүү миң сом төлөтүү бул айбанчылык, калган акчаны ким төлөйт, күйбөгөн жериң күйүп кетет ко. Бийликте жалаң эшектер отурушат баарын Кытайларга сатып салыш керек.
19.04.2019. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
150 мин сом эмес доллар менен айып салыш керек эле
19.04.2019. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ой жок дегенде жуз элуу мин доллардан айып салбайсынарбы. Жуз мин доллардан озунор алып женил жаза бердинер да корунуп эле турат. Салайдин дегени жок го
20.04.2019. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
8 жыл бергени коп жеген бекен,бирок менин оюмча заказ бергендер кобун жегендер эмес аткаргандар азын жегендер камалгандай эле болду.
20.04.2019. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Интернетте ролик жүрөтко атасы кредит алсак мынча жыл төлөйт экенбиз десе, баласы уурдап эле алың 7 жылда кутулуп келесиз деген, дал ошол ролик болдуда азыр. Жеди жыргады, жыргап дагы аз гана эс алып чыкса болду кутулат баарынан. Кийин карапсың дагы бир кызматта койкойуп жүргөн болот.
20.04.2019. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
80кычкачтын пулу экен да
20.04.2019. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Калганын ким төлөйт болгону 50 миң доллар го ал жерде 386 миллион доллар бар эмес беле
20.04.2019. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Б...ь ЖЭБде миллиондогон доллар уурдалганго,буларга эми 150 миң сомдон айып пул салып койуптур ушу кантип болсун эми,калган миллиондогон долларды ким төлөйт,төлөтпөйсүңөрбү,булар пешкалар,миллиондорду жегендер жүрөт досум салып берген,досум жардам берген,мен агынан алам деп эркиндикте
20.04.2019. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соттор акмак экенсиңер милиондогон долларды жегендерге 100 миң сом ирунда го.Ар биринде жок дегенде 50млн доллардан төлөтүш керек эле,ошондо ТЭЦтен уурдалган млн $чогулмак.100 миң сомду мен деле берем ТЭЦ үчүн жардам кылып.Сотка уурдагандар жатат 6 жылга соттолуп.Булар жаткан күнү 3 күнгө эсептелип бүгүн эле чыгып кетишти сот залынан эркиндикке мен билгенден.
20.04.2019. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаллаң пешкаларга эле иш козгопсуңар да, башында турган алкымы чоңдорго тилиңер өтпөйбү соттор?
20.04.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде ото эле адилеттуулк жок экен кантип болсун ушул эки жарым 8 жыл сурок 100 мин сом булар жеген карызды эл толойт эми тентип.
20.04.2019. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акмактар. Канча сом жегенин билип туруп ошонун бир прцентин да ондурбопсунор.
20.04.2019. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Цирк көргөндөй болдукго.Зачем шоу кылып ,бар жоктун ызы чуусун чыгарып калп эле.Эми 2.6жыл деген өтө азда.Бүт байлыктарын компенсация кылып ,хотя 10жылдан берсеңер жарашмак.
20.04.2019. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошон учун ойлонгула шайлоодо таза адамды тандаш керек. Булардын баары бир табактан кык жегендер
21.04.2019. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеп тоноп 2 жылдан 6 жылга эс алып кутулат экен! Мамлекеттин акчасы куйдуда калды! Ал жонундо чондор кутулганына суйунуп отуатда! Пешкаларды салып берип коюп!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: