Август айында Бишкек шаарына 1000 даана таштанды урнасы орнотулат
Бишкек мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаар боюнча таштандылар үчүн жаңы урналарды коюуну улантууда. Бүгүнкү күнгө карата жаңы үлгүдөгү 595 урна орнотулду. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, урналар калаанын борбордук көчөлөрүнө коюлууда. Мындан сырткары шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайык ар бир мемлекеттик мекемелердин алдына 2 үкөкчө орнотулушу талап кылынат. Маалыматка ылайык, август айынын ичинде борбор шаарга жаңы 1000 урна орнотулмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

