super.kg logo
  Саясат  

"Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Булекбаев: "Кайсы жерде кен казуу иштери жүрсө, баары бир табиятка таасир этет"

 

Ысык-Көл облусунда жайкы сезонго аз калды. Кыргыз берметине жылдагыдай көптөгөн туристтердин келип эс алары күтүлүүдө. Муну менен өлкөнүн экономикасына салым кошулат. Бирок быйыл Ысык-Көлдөгү "Кызыл-Омпол" уран кенинин айланасындагы маалыматтар туристтерди качырышы мүмкүн. Бул маселе парламентте да көтөрүлүүдө.

SUPER.KG порталы "Ысык-Көлдө уран казылары сынга алынууда. Бул окуя туризмге терс таасирин тийгизбейби?" деген соболуна "Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Булекбаев жооп берди. Анын пикиринде, Ысык-Көл облусунда уран казуу туризм тармагына терс таасир тийгизиши мүмкүн.

"Эгер бул кен казыла баштаса, Чернобылдай радиация болушу ыктымал. Кайсы жерде кен казуу иштери жүрсө, ар дайым табиятка таасир этет. Мындан улам адамдын саламаттыгына таасири тиет. Табигый ресурстар - бул материалдык байлык, ошон үчүн ар дайым ал үчүн күрөш болот", - деди Булекбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Алтынбек Жунус уулу, Кожобек Рыспаев, эколог Эмил Шүкүровдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: