"Ош базарындагы" "Берекет универсал" базарынын 200дөй соодагери митингге чыгышты








Бүгүн, 19-апрелде "Ош базарында" жайгашкан "Берекет универсал" базарында эмгектенген 200дөй соодагер базардын жабылышына каршылыгын билдирип митингге чыгышты.
Соодагерлердин айтымында, базар сүрдүрүлүп, ордуна жаңы соода борбору курулганы жатат. Буга байланыштуу базардын администрациясы электр энергиясын, суу берүүнү токтотуу жана башка жолдор менен соода кылган ишкерлерди чыгып кетүүгө мажбурлап жатышат.
Ишкерлердин укугун коргоо боюнча коомдук бирикмесинин жетекчиси Махмуд Губайдуллиндин айтымында, базарда соода кылган ишкерлерди мыйзамсыз жол менен кууп чыгарганы жатышат.
"Бүгүн 12:00 чамасында бул жакта соода кылгандарды базардын күзөтчүлөрү күч менен сыртка чыгарууга, кайрадан электр энергиясын берүүнү токтотуп, дарбазаларды жабууга аракет кылышты. Бирок биз өз убагында чогулуп, контейнерлерибизди, товарларыбызды коргой алдык. Башка бирөөнүн эч нерсесине тийген жокпуз. Бул базар мамлекеттин мүлкү. Ушул жерди ижарага алып иштеткен адамдар бизди кубалап чыкканга укугу жок. Мыйзам биз тарапта ошондуктан өз ордубузду өзүбүз коргоп иштей беребиз", - деди Губайдуллин.
Буга чейин 17-апрелде аталган базардын соодагерлери менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыккан.


