super.kg logo

Бишкек шаардык кеңешинин "Өлбөс полк" акциясына катышуу боюнча окуу жайлардын жетекчилерине жазган каты талкууга алынды

 

Бишкек шаардык кеңешинин 9-Май - Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгына карата "Өлбөс полк" акциясына катышуу боюнча окуу жайлардын жетекчилерине жазган каты интернетке тарады.

Андагы маалыматка ылайык, кат шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышовдун атынан жазылган.

"Ушул жылдын 9-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына карата "Өлбөс полк" акциясы уюштуруларын билдиребиз.

Акция саат 9:00дө башталып, 12:00дө жыйынтыкталат. Бул иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын унутпоого чакырык болуп саналат жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого татыктуу үлгү боло алат.

Акциянын маанилүүлүгүн эске алуу менен, сиздердин окуу жайдын бул иш-чарага катышуусун сурайбыз", - деп жазылат маалыматта.

Социалдык тармактардын колдонуучулары өз пикирлеринде окуучуларды же студенттерди мажбурлап мамлекеттик иш-чараларга тартуу туура эмес экендигин белгилешүүдө. Буга чейин аткаминерлерди күтүп, окуучулардын эс-учун жоготуп кулап калган окуялар болгонун да эске салгандар болду.

2015-жылы Ош шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чарада ошол учурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин келишин күтүп отурган бир ардагер менен окуучу кыз эс-учун жоготуп кулап калышканы маалым болгон. Көп өтпөй Темир Сариевдин тапшырмасы менен бийлик өкүлдөрүн тосуу үчүн мектеп окуучуларын тартууга тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
20.04.2019. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
5саат катышса эч ким олуп калбайт башына кун отуп. Согуштун ардагерлери 5 жыл биз учун,келечектеги урпактар учун душмандар мн салгылашкан. Ушуга кимдер тоскоол атса,уяты жок, эн бир начар адамдар катары санасак болот. Бет деле жок
20.04.2019. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sonyasonya,Ардагерлер учун 5саат эмес 5 кун турат элем, бирок кайдагы бир абылгазиев деген немени 5 саат эмес 5 мунот кутууго татыбайт,ал эми бироо студентер же окуучуларды куттуруп убагында келбейтурган болсо, кутпостон программаны улантып же тарап кетишин айтат элем, азыркы бийликтегилер 5 мунот кутууго арзыбайт
Eldar6724 түзөттү 2019-04-20 19:10:17
20.04.2019. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура эле сунуш, бул жерде буйрук ирээтинде эмес сурайбыз деп турат..Биз үчүн жан берген бабаларыбыз үчүн бир күн деле эчтеке болбойт..
20.04.2019. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нормально Эле суранып атат ! Шыйрактан буйрак, жумуркадан кыр издебегилечи!
21.04.2019. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз турмушка аталардан кеч келдик,
Тээ батышта согуш отун кечпедик.

Ардагерлер үчүн таазим кылып кулап калганча турганча даярмын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: