super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов Беларусь чемпиондугунда алгачкы голун жаратты

 

19-апрелде Футбол боюнча Беларусь чемпиондугунун 4-турунда "Неман" клубу өз талаасында "Витебск" клубун кабыл алды. Беттеш 1:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына жыйынтыкталды.

"Неман" клубунун катарында ойногон Кыргыз курама командасынын футболчусу Гүлжигит Алыкулов 68-мүнөттө алмашууга чыгып, 5 мүнөт өткөндөн кийин гол жаратып командасын алдыга алып чыкты.

Оюн дал ушул эсепте жыйынтыкталып, Алыкуловдун голу талаа ээлерине кезектеги 3 упайды алып келди. Жыйынтыгында "Неман" клубу 6 упайы менен чемпиондуктун 5-орунуна көтөрүлдү.

"Неман" клубунун кийинки оюну 25-апрелде "Динамо Минск" клубуна каршы өтөт.

18 жаштагы Гүлжигит Алыкулов беларустук клуб менен жыл башында келишим түзгөн. Бишкектик "Дордой" футболдук клубунун тарбиялануучусу 2017-жылы Түркиянын "Антальяспор" футболдук клубунда ойноп, 2018-жылы мекенине кайтып келген, ал сезондун жарымын "Кара-Балта" клубунда ойноп, жайкы трансферлер сезонунда бишкектик "Алга" футболдук клубуна өткөн. Топ-Лиганын 2018-жылкы сезонунда Алыкулов 28 беттеште 8 гол киргизгенге үлгүргөн.

Футболчунун "Неман" клубуна кантип өткөнү, үй-бүлөсүнүн жана өзүнүн сезимдери тууралуу SUPER.KG`ге курган маегин шилтеме аркылуу кирип окусаңыз болот.

Гүлжигит Алыкулов - белгилүү куудул, маркум Жаныбек Алыкуловдун уулу.






Кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов Беларусь чемпиондугунда алгачкы голун жаратты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
20.04.2019. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик жакшы кабар.
20.04.2019. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окшош экен атасына беттери чулчуйуп)).
20.04.2019. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Гүлжигит, азаматсың
20.04.2019. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын!!! Сени көрүп жааш муундардын фанатты болуп жүрө бер .
20.04.2019. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын кай жерде Ким болбо эн башкысы аман бол иним!
21.04.2019. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын иним, бул жараткан голун алдыдагы ийгилиндин башталыгы болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: