super.kg logo

Базар-Коргондо 5 жаштагы бала 2 күндөн бери дайынсыз болууда. Аны суучулдар каналдан издеп жатышат

 

Базар-Коргондо 5 жаштагы бала 2 күндөн бери дайынсыз болууда. Маалыматты SUPER.KG`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, жоголгон баланы издөө иштерине 133 адам тартылган.

"19-апрель күнү саат 17:00дө Акман айыл аймагындагы Акман айылынын тургуну 5 жаштагы И.Э. дайынсыз жоголгон. Туугандары өз алдынча издеп таба алышкан эмес. Бүгүн, 21-апрелде издөө иштерин улантуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 30 куткаруучу, 4 офицер, 6 суучул, Ички иштер министрлигинен 28 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 65 адам, жалпы 133 адам тартылды", - деп айтылат маалыматта.

Акман айыл аймагынын башчысы Марсел Көкөновдун айтымында, учурда издөө иштери "Базар-Коргон" суу сактагычына кирген каналда жүргүзүлүүдө.

"19-апрелде саат 17:00 чамасында бала велосипед тээп ойноп жүргөн экен. 19:00дөн баштап ата-энеси таппай калышыптыр. Күүгүм киргенче өз алдынча издеп таппаган соң, бизге кабар беришиптир. Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин чакырып, суучулдар кезек менен каналдын түбүн карап жатышат. Бирок 2 күндөн бери издөө иштеринен жыйынтык болбой жатат", - деди Көкөнов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.04.2019. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Табылып калсын Жакшы ниет кылалы?
22.04.2019. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай Кудай аай эмне эле болуп жатат озу, жаш балдарды жакшылап карагылачы деги, кулактарына куйгула авто жолго, дарыя,канал жээктеринен алыс жур, бизсиз эч ким менен эч жакка барба, ата-апан чакырып атат десе да ишенбе,азгырылба деп. Ушундай маалыматтарды окуган сайын журок титирейт. Балдарды жакшылап карагыла энелер,тиричилик, интернет деген нерсенин тубуно эч ким жеткен эмес,жетпейт дагы, тескерисинче алар адамдын тубуно жетишет. Тын болгулачы айнанайын келиндер.
23.04.2019. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
табылып калсын оомиин байкуш эне
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: