Шри-Ланкада дагы 2 жардыруу болду. Каза болгондордун саны 200гө жакындады






Шри-Ланкада дагы 2 жардыруу болуп, күн ичинде орун алган жардыруулардын саны 8ге жетти.
Буга чейин Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарындагы 3 мейманканада, 1 католик чиркөөсүндө жана борбор калаага жакын жайгашкан Негомбо шаарындагы 2 чиркөөдө дээрлик бир убакта 6 жардыруу болгону айтылган.
Чет элдик маалымат булактары жазгандай, жетинчи жардыруу Дехивала шаарындагы зоопарктын жанында болуп, 2 адамдын өмүрүн алды. Ал эми сегизинчи жардыруу борбор калаага жакын жердеги Дематагод районундагы турак жай комплексинде орун алды. Каза болгондордун жалпы саны 180ден ашып, жабыркагандардын саны 500гө жакындады.
Өлкө бийлиги 18:00дөн таңкы 6:00гө чейин коменданттык саат киргизди. Айрым басылмалар жардырууларды Шри-Ланкадагы "National Thowheeth Jama'ath" радикалдык уюму уюштурган болушу мүмкүн экендигин болжолдошууда.




саясий идеялогиянын негизинде тарбиялоо ушундай кан тогулуулорго алып келет. Элди билим искуство аркылуу жан дуйносун озгортуу зарыл.
Искуство бул онорлук. Чем азыркы молдолордун жомогун уккандан коро, адамдар музыка, спорт, билим, онорлук аркылуу онуккон жакшы. Адам сыйынып койгондон жашоосу озгоруп кетпейт. Андан коро искуствого коп аралашыш керек.