super.kg logo

Бишкекте айдоочу кыз көпүрөдөн унаасы менен түшүп кетти. Ал денесинин бир нече жеринен жаракат алып жандандыруу бөлүмүндө жатат

 

Борбор калаада унаасы менен көпүрөдөн түшүп кеткен айдоочу кыздын абалы оор. Ал денесинин бир нече жеринен жаракат алган. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде SUPER.KG порталына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун "Тез жардам" бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы түнкү саат 02:00 чамасында Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдө орун алган. Анда Honda CRV үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып жолдон чыгып кетип көпүрөдөн түшүп кеткен.

"Учурда 23 жаштагы А.Р. аттуу жабырлануучунун абалы оор. Ал денесинин бир нече жеринен жаракат алган, сол тарабынын кабыргалары сынган, баш мээси чайкалып, баш сөөгүнөн жаракат алган. Мындан сырткары, ички органдарына доо кетиши мүмкүн, аны учурда дарыгерлер аныктап жатышат. Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат, ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - деп билдиришти ооруканадан.






Айдоочу кыз көпүрөдөн унаасы менен түшүп кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.04.2019. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла шыпаасын берип жакшы болуп кетсин.Машина чалкасынан түшүп калганбы же сүрөттү тескери тартып койгонбу?
22.04.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жараткан Тенирим кырсыктан сактасын. Аман болгула.
22.04.2019. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кайфуем деген ырды угуп бараткан го дейм.
22.04.2019. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тундо кыз машина жол авария суу копуроо( ичимдик эмесби) Кудай сактасын айыгып кет алтыным
22.04.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биринчиден айыгып кетсин оомийин, экинчиден түнү 2 де балээ барбы, тем более кыз балага, үчүнчүдөн атасы байдын кыздары талтаңдайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: