super.kg logo

Екатеринбургда кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыккан жаңжалдын видеосу интернетке тарады

 

Интернетте Орусиянын Екатеринбург шаарында жайгашкан автопарктардын биринде массалык мушташ тартылып калган видео тарады. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, видеого түшүп калгандар Кыргыз жана Тажик жарандары экендиги айтылат. Окуя 19-апрелден 20-апрелге караган түнү болгон. Видео "ВКонтакте" социалдык түйүнүнө жайгаштырылганын Фергана News басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта белгилүү болгондой, Маневров көчөсүндөгү автобустар токтоочу жайга мигранттар топтолушкан. Алдын ала маалыматтарга караганда жаңжалдын катышуучулары - кыргыз жана тажиктер. Видеодо көрүнгөндөй алардын саны 20га чукул. Жаңжалды видеого тартып алып баракчасына жүктөгөн автордун жазганына караганда, окуя болгон жерге күзөт кызматкерлери полиция чакырышкан эмес. Ошол себептен конфликт эмнеден улам келип чыкканы териштириле элек.






Екатеринбургда кыргыздар менен тажиктердин жаңжалы видеого тартылып калган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
22.04.2019. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кысып жүрүшпөйт экенда бирөөнүн элинде
Медиа-портал
22.04.2019. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирди үчкө кошуп,кысып жүрүшпөйт экен да.Мындан 10 күн мурда эле ЯНАОда кыргыздар местный балдарды тепкилеп жатканы видеого түшүп ал дагы контактка тарап,бардык мигранттарга - кылды.Жок жерден депорт болушту.Аябай жаман көрүп жатышат,көздөрүнөн төбөсү менен карашып...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: