КСДПнын митинги. Министрликке депутат жарым сааттан кийин гана киргизилди




Бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарында КСДПнын өкүлдөрү Юстиция министрлигинин имаратынын алдында "Адилетсиз министрлик" деп аталган акция өткөрүшүүдө. Акцияга КСДПнын мүчөлөрү, жарандык активисттер жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышууда. Алгач КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Юстиция министрлигине киргизилбей жарым сааттан кийин гана киргизилди.
Алардын бири депутат Асел Кодуранова: "Бизге чыгып, кандайдыр бир түшүндүрүү иштери болот деп күткөнбүз. Бирок андай болгон жок, саат 10:00дө чогулганбыз, эч кимиси чыккан жок. Биз бул жерге бүгүн өзүбүздүн позициябызды билдирүү үчүн чогулдук. Азыр министр жана анын орун басары жок деген жооп бериш керек", - деди Кодуранова.
Учурда акцияга келген катышуучулар Юстиция министрлигине койгон талаптарын айтып, "Абылгазиевдин өкмөтү кетсин!" деген чакырыктар болууда.
Буга чейин Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөр киргизилгени белгилүү болгон. "Жетекчинин аты-жөнү" деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылган. Партиянын саясий кеңеши буга нааразы болуп маалымат жыйын өткөргөн.
18-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасынын атын өзгөртүү боюнча Юстиция министрлигинин чечимин мыйзамсыз деп таануу керектигин айтып, өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жасаган.
















1 |