super.kg logo

“Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!” аталыштагы петицияны учурда 9 миңден ашык адам колдоду

 

“Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!” аталыштагы петицияны учурда 9 миңден ашык адам колдоду. Уран кенин иштетүүгө каршы кол чогултуу учурда онлайн түрдө өтүүдө.

Демилгечилердин айтымында, бул петициянын негизги максаты кол чогултуу аркылуу карапайым калктын оюн жана каршылыгын бийликке жеткирүү болуп саналат. Учурда петицияга кол койгондордун саны 9 миң 100дөн ашты.

Буга чейин, 20-апрель күнү жергиликтүү тургундар "Кызыл-Омпол" уран кенин иштетүүгө каршылыгын билдирип митингге чыгышкан. Бүгүн да урандын казылуусуна каршы Ысык-Көлдүн тургундары Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын борборуна, ал эми Бишкектен баргандар Боом капчыгайындагы уран казылат деген жерге чогулууну болжоп жатышкан.

Өткөн аптада өкмөт алдындагы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусундагы уран кени тууралуу түшүндүрмөнү жарыялаган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
22.04.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жээнбеков элди радиация менен ууландыргандын ордуна озунун Раим миллионго окшогон ууруларын, саткын кошоматчыдарын каматсын. Озунун канча деген ууруларды Жээнбеков кормоксон болуп журот. ХХХХ Жээнбековтордун саясаты копко узабайт. Жээнбековтор олкодогу мыйзамды оздору талкалап жатса кантип элдин жашоосу онолот.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-22 11:58:04
22.04.2019. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соке копко барбай калды го бул кетиште.Коруп турса дагы кормоксон болуп атат.2 жыл болду президент болгонуна эмне кылды?Элдин жашоосу кыйындап атат.Туугандары жерлерди бийик кызматтарды басып атат.Иштей албаса кетсин!
22.04.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Azat.97,Атамбаевге барып айткыла ошол уранды ачууга макулдук берген экен. Азыр күнөөнү АШАчылар бийликке шылтап жатышат.
22.04.2019. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салянова айтып чыкты, уранды чалгындоо иштерине лицензия 2010-жылы берилип, Атамбаевдин бийлиги аны 3 ирет узарткан. “Ачык булактардан алган маалыматка ылайык, Кызыл Омпол айылдык аймактан 4 000 гектар жер иштетүүгө берилиши мүмкүн. Темир жол менен урандын концентраты Кара-Балта комбинатыга жүктөлүп келээри айтылат.
22.04.2019. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында уранды чалгындоого уруксатты АША премьер-министр болуп турганда берип, андан соң президенттик кызматта турганда эки ирет анын мөөнөтүн узарткан.
22.04.2019. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен каршымын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: