Укук коргоочу: "УКМК башыңдын үстүндөгү балтадай болуп турса, кимдин иштегиси келсин?"

Бүгүн, 22-апрелде Бишкекте "Мамлекеттик сатып алуу. Санариптештирүү. Улуттук коопсуздук" аталышындагы жыйыны өттү. Анда укук коргоочу Динара Ошурахунова УКМКнын ишин сынга алды.
Жыйындын жүрүшүндө жакында камакка алынган Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары, статс-катчысы жана Инфоком ишканасынын жетекчиси кармалганына байланыштуу УКМК жүргүзгөн иштери талкууланды.
"Байланышы бар экен" деп эле камай беришсе, кимдин иштегиси келет? Качан иштөөгө шарт түзүлөт? Биз качан башка өлкөлөрдөй болуп алдыга умтулабыз? Азыркыдай шартта ким иштемек эле, баары качат да. Акыркы күндөрү УКМК башыбыздын үстүндөгү балтадай болуп калды", - деди Ошурахунова.
Жактоочу Канат Хасанов "ак ийилет, бирок сынбайт" деп кошумчалады.
"Камалгандардын бири өзүмдүн жакын инилерим болот экен. Алар сөзсүз чыгарылат", - деди ал.
Жыйынга коомдук активисттер, ишкерлер, укук коргоочулар жана паспорт бланктары боюнча камалгандардын туугандары катышышты.







1 |