super.kg logo

Ишкер: "Түзүлө элек келишим үчүн адамдардын камалганын кандай түшүнсө болот?"

 

"Түзүлө элек келишим үчүн адамдарды камап жатканын кандай түшүнүүгө болот?" деген суроону бүгүн, 22- апрелде "Мамлекеттик сатып алуу. Санариптештирүү. Улуттук коопсуздук" аталыштагы жыйында ишкер Жылдыз Базакеева койду.

Жыйындын жүрүшүндө жакында камакка алынган Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары, статс-катчысы жана Инфоком ишканасынын жетекчиси кармалганына байланыштуу УКМК жүргүзгөн иштери талкууланды.

"Мамлекеттик сатып алуу системи менен 18 жылдан бери таанышмын. УКМК түзүлө элек келишимди негиз кылып 3 жаранды камап жаткандарын кандай түшүнүүгө болот? Бул окуядан кийин системде иштеп келген кызматкерлер иштегиси келбей калгандарын жашырбай калышты. Бул жерде мыйзам бузулуп жатат. Бүгүнкү жыйынга катышып жатканыбыздын себеби бул окуя боюнча өзүбүздүн позициябызды билдирүү. Бардыгы ачык-айкын болгону айрымдарга жакпай калды окшойт. Мындан улам камалган адамдардын ордуна башкаларды коюп, өздөрү каалагандай иш жүргүзүүнү көздөп жаткандай", - дейт Базакеева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
22.04.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтат. Жээнбековтор оздорунун Раимге окшогон ХХХХ коюп иш алпарыйн деп жатат.
Модератор admin_portal түзөттү 2019-04-23 14:36:39
22.04.2019. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец. Биринчи жолу алдын алышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: