super.kg logo
  Саясат  

Депутат Дастан Бекешев: “Украинадагы шайлоонун жыйынтыгы Кыргыз мамлекетине катуу деле таасир бербейт”

 

Украинанын жаңы президенти болуп Володимир Зеленский шайланды. Украина менен Кыргыз Республикасы чектеш мамлекеттер болбосо да, эгемендик тарыхында окшош саясий жана коомдук көйгөйлөрдү башынан кечирүүдө: эки төңкөрүш, коррупциянын жогорку деңгээли, бөтөн жерде эмгектенген мигранттары, бийликтен көңүлү калган эли.

SUPER.KG порталынын "Украинада Володимир Зеленскийдин шайлоодо жеңиши Кыргыз саясатына кандай таасир этиши мүмкүн?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев төмөнкүдөй жооп берди. Ал Кыргыз мамлекетинин Украина менен көйгөйү жок экенине токтолду. “Кыргыз мамлекетине катуу деле таасирин бербейт. Украинада жаңы форматта шайлоо өттү. Эми башка өлкөлөрдө дагы жаңы форматта шайлоолор башталат. Биздин Украина менен көйгөйүбүз жок. Ошондуктан зыян же жакшы жактан таасир берет деп айта албайм”, - дейт Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, саясатчы Адахан Мадумаров, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: